mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт министри Талантбек Солтобаев Россия Федерациясынын транспорт министри Александр Никитин менен жолугушту

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев 1-апрелде Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык транспорттук-логистикалык форумдун алкагында Россия Федерациясынын транспорт министри Александр Никитин менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт жана логистика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле транспорттук байланыштарды мындан ары өнүктүрүү багыттарын сүйлөшүштү.

Тараптар транспорт тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө талкуулашып,  төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурушту:

— Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун тармагы жөнүндө макулдашууга кошулуу жана тиешелүү протоколго кол коюу;

— Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 8-декабрындагы Азия автомобиль жолдорунун тармагы боюнча эл аралык автомобиль ташуулар жөнүндө Өкмөттөр аралык макулдашууга кошулуусу жана тиешелүү протоколго кол коюу;

— Эл аралык автомобиль ташуулары боюнча аралаш комиссиянын жыйынын даярдоо жана өткөрүү.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө туруктуу транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгү жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.

Жолугушуунун соңунда транспорт тармагында кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы