mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт министри Талантбек Солтобаев: Түндүк–Түштүк альтернативдик автожолунда жаңы транспорттук көзөмөл пунктун  ачууну тездетүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Солтобаев Талантбек Осмонбековичтин 19- февралдагы аппараттык жыйында берген тапшырмаларынын негизинде «Арал» транспорттук көзөмөл пунктунун (Жумгал району Арал айылы) түндүк тарабында жаңы транспорттук көзөмөл пунктун куруу чечими кабыл алынды.

Жаңы транспорттук көзөмөл пунктунун ачылышы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмактык жана габариттик ченемдерди сактоосун көзөмөлдөөгө, ошондой эле автомобиль жолдорунун эрте бузулушунун алдын алууга багытталган. Мындан тышкары, бул чара мыйзамсыз жана ашыкча жүк ташууларды кыскартууга, жол инфраструктурасын сактоого жана транспорт тармагындагы тартипти чыңдоого өбөлгө түзөт.

Ошондой эле республика боюнча иштеп жаткан транспорттук көзөмөл пункттарында көп жылдардан бери жүргүзүлбөй келген капиталдык оңдоо иштерин этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган курулуш жана оңдоо иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин «Турукташтыруу» фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы