Транспорт министри Сыргабаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту
- 12 просм.
16-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Реми Дюфло мырзаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташтык мындан ары да бекемделишине ишенимин билдирди.
Ведомство жетекчиси 2025-жылдын 28-ноябрында Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча форумунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Европа Биримдигинин ортосунда кол коюлган 15 млн евро өлчөмүндөгү грант жана техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу Макулдашуу «Кара-Балта—Чалдовар» автомобиль жолун реконструкциялоо долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда министр тарабынан Европа Биримдиги менен транспорттук процесстерди санариптештирүү, заманбап техникалык жана экологиялык стандарттарды киргизүү, логистикалык жана транспорттук чыгымдарды кыскартуу, өлкөлөр ортосундагы жүк жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча кызматташуу сунушталды.
Тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы