mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт министри Нарын — Баетов унаа жолун текшерди

2-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын — Баетов унаа жолуна барды.
 
Министр аталган унаа жолдо аткарылып жаткан жумуштар менен жеринен таанышкан учурда унаа жолдун 115-120-чакырым аралыгына 2,7 км бир тараптуу асфальт төшөлгөнү жана жер жумуштары жүрүп жатканы тууралуу маалымат берилди.
 
Ошондой эле Сыргабаев Нарын — Баетов унаа жолунун 33-38-чакырымына барып, тоонун бооруна салына турчу 5 чакырым жол менен 72 метр көпүрөнүн курулушунун даярдыгын текшерди.
Белгилей кетсек, Нарын — Баетов унаа жолун капиталдык оңдоо иштери 2025-жылы аяктайт. Жол 2 тилкелүү 10 тонна жүккө ылайыкталып салынууда.
 
Нарын — Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Анын 36 чакырымын оңдоо каралган.
 
Жол куруу иштерин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын № 1 Жол курулуш башкармалыгынын кызматкерлери атайын тартылган техникалар менен аткарышууда.
 
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы