Транспорт министри менен делегаттардын жыйыны. Быйыл Нарында кайсы жолдор оңдолот?
- 81 просм.
Бүгүн, 4-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү Нарын облусунда III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту.
Ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев 2025-жылдын планына кирген Нарындагы жолдор боюнча маалымат берди.
«Арал- Миң-Куш 22 км, Нарын – Орук – Там 5 км, Баетов-Макмал 5 км, Сары-Булак-Соң-Көл 3 км, Ак—Тал-Чат-Жогорку-Май 4 км, Казарман-Акталчат 3 км, Ат-Башы-Кында-Торугарт 3 км асфальт төшөө каралды. Ал эми Нарын-Баетов унаа жолун бүтүрөбүз. Президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин дагы койгон талабы ушул»,-деди министр Сыргабаев.
Белгилей кетсек, Курултайда жол тармагына байланыштуу Нарын облусу боюнча 40 кайрылуу түшкөн. Алардын көбү жолдордун абалы, жол куруу иштери.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



