Транспорт министринин орун басары Б.Рысмендеев Чүй жана Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек- Ош авто жолундагы Сосновка жана Кара-Көл тоннелдериндеги акы төлөнүүчү пункттарында «Акжол-Софт» программалык камсыздоосун киргизүү иштери менен таанышты
- 109 просм.
Транспорт министринин орун басары Б.Рысмендеев Чүй жана Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек- Ош авто жолундагы Сосновка жана Кара-Көл тоннелдериндеги акы төлөнүүчү пункттарында «Акжол-Софт» программалык камсыздоосун киргизүү иштери менен таанышты.
Бүгүнкү күндө Сосновка тоннелинин акы алуу пунктунда программалык камсыздоо иштелип чыгып, ишке киргизилди.
Программа коррупциялык тобокелдиктерди жана операторго накталай төлөмдөрдү иш жүзүндө жокко чыгарат.
Жаңы система “Сосновка” өткөрмө пунктунда иштейт; категория жана төлөмдүн баасы автотранспорттун мамлекеттик номерин таануу менен аныкталат.
Кара-Көл постунда унаалардын кезек күтүүсүн жоюу максатында пунктту кеңейтүү, унаалар үчүн дагы эки тилке кошуу иштери аяктады. Бул жерде дагы жаңы система киргизилип жатат жана жакын арада адам факторунун катышуусуз төлөм ал жерде да ишке кирет.
Айдоочулардын көңүлүнө!!!
Учурда система “Сосновка” өткөрүү пунктунда иштеп жатат жана төлөмдү төмөнкү ыкмалар менен жүргүзүүгө болот:
- Алдын ала төлөм – төлөм өткөрүү пунктуна бара жаткан жолдо Кыргыз Республикасынын банктарынын электрондук капчыктары жана мобилдик тиркемелери аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бул үчүн сиз «туннелдер аркылуу жүрүү үчүн төлөм» кызматын издеп, унаанын мамлекеттик каттоо номерин киргизишиңиз керек.
Бул үчүн сиз «туннелдер аркылуу жүрүү үчүн төлөм» кызматын издеп, унаанын мамлекеттик каттоо номерин киргизишиңиз керек. Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери боштуксуз жана өлкөнү көрсөтүү менен (KG, KZ, RU ж.б.) киргизилиши керек.
Мисалы, сиздин номериңиз 01KG555ABC болсо, 01555 ABC киргизиңиз. - Накталай акча – төлөм өткөрүү пунктунда орнотулган PAY-24 терминалдарына гана жүргүзүлөт.
- QR-код боюнча – төлөм өткөрүү пунктунда орнотулган PAY-24 терминалынын экранында көрсөтүлүүчү QR коддун жардамы менен жүргүзүлөт. Министрликтин маалымат кызматы