mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт министринин жаңы орун басары дайындалды

Бүгүн, 5-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы орун басары дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңы орун басарды министрликтин эмгек жамаатына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Данияр Эркимбаев менен ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев тааныштырды.

Абсаттар Сыргабаев Алмаз Тургунбаевдин ишине ийгиликтерди каалады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы