Транспорт министринин жаңы биринчи орун басары дайындалды
- 121 просм.
Бүгүн, 19-январда, Транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы биринчи орун басары болуп Базаралиев Бекназар Токтосунович дайындалып, министрликтин эмгек жамаатына тааныштырылды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 16- январда кол койду.
Министр Абсаттар Сыргабаев жаңы дайындалган Б. Базаралиевди кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, 16-январда Солтобаев Талантбек Осмонбекович биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы