Транспорт министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Чүй облусундагы жол куруу иштеринин жүрүшүн текшерди
- 36 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин Биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Чүй облусундагы Жол тейлөө ишканаларын кыдырып, титулдук тизмеге ылайык курулушу жүрүп жаткан унаа жолдорундагы иштердин аткарылышынан кабар алды.
Иш сапардын алкагында мекеме, ишканалардын иш кагаздары менен таанышып, техникалык парктарды көрүп, өндүрүштүк иштердин аткарылышы боюнча маалымат алды.
Кыдыруунун жүрүшүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол курулуштарынын сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышы боюнча талаптарды койду.
Айрым Жол тейлөө ишканаларындагы кемчиликтер боюнча жетекчилерине чаралар көрүлдү.
Ошондой эле, “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында сейил бактарды түзүү жана жашылдандыруу иштеринин аткарылышын ыкчамдатууну тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы





