Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде күйүүчү-майлоочу майларды импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү
- 122 просм.
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин автомобиль жолдорун оңдоо, күтүү жана куруу үчүн жыйымды алууну киргизүүгө карата бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу 2025-жылдын 17-январында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин демилгеси менен күйүүчү-майлоочу майларды импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр менен жолугушуу (тегерек стол) болуп өттү.
Жыйынга күйүүчү-майлоочу майларды импорттоо жана өндүрүү менен алектенген компаниялардын 24 өкүлү жана Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Каржы министрлигинин өкүлдөрү катышты. Тегерек стол Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиевдин жетекчилиги алдында ɵттү.
Жыйында жыйым алуунун механизмдери презентацияланып, талкууланып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол фондунун материалдары, реквизиттери жана байланыш маалыматтары таратылып, адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өз кезегинде, нефтетрейдерлер тарабынан жыйымдарды алуунун тартиби боюнча бир катар сунуштар киргизилип, кароого кабыл алынды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы