mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаевдин жаңы жылдык куттуктоосу

«Урматтуу мекендештер! Автомобиль транспорту жана жол чарба тармагынын кызматкерлери, кадырлуу ардагерлер!

2024 — жылдын сапары карып, бийик максаттар менен Жаңы жылдын босогосун аттаганы турабыз. Өтүп бараткан жылы жол тармагында алгылыктуу иштерди аткарып, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууга умтулдук. Мен дал ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып талыкпас эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем!

Быйыл жол куруу планы ашыгы менен аткарылды. Министрлик тарабынан жалпы 1000 кмден ашык жолдор оңдолду. Анын ичинен 800 км жолго асфальт төшөлдү.

Жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2024-жылы дагы 453 атайын техника сатып алынды.

Кылым курулушу аталып, Кыргызстандын тарыхында ири долбоорлордун катарын толуктаган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун жүзөгө ашыруу боюнча арыштуу кадамдар ташталды. Борбор калаада “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ишканасы ачылды. 27-декабрда Жалал-Абад шаарында аталган долбоордун курулушуна старт берилди.

«Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча 35 км курулуп, Кочкорго жетип калды ары Кара-Кечеге чейин паралелдүү долбоорлоо менен курулуш улантылат. 

Транспорттук көзөмөлгө талап күчөп, казынага чегерилген каражаттын көлөмү 112 млн сомду түздү.

Калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында Сосновка постуна QR-код аркылуу накталай эмес төлөм системасы ишке киргизилди. Төө-Ашууга кошумча камералар орнотулду. Туристтик жайларга жете турчу жолдор жакшырууда.

Жогоруда тизмектелген иштер өлкө жетекчилигини колдоосу жана жол-транспорт тармагынын кызматкерлеринин талыкпас эмгеги менен аткарылды.

Келе жаткан жылда алдыбызда дагы да чоң милдеттер турат. Ишибиз илгерилеп, бардык аракеттерибиз жакшы жыйынтыкка жетсин. 2025-жыл биздин элдин биримдигин мындан да бекемдеген, өлкөбүзгө өнүгүүнү алып келген жылдардан болсун.

Жаңы жылыңыздар менен!».