mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Элдик Курултайдын делегаттарын кабыл алып, суроо-талабын угууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги курултайдын делегаттарын кабыл алып, суроо-талабын угууда

Бүгүн, 20-декабрда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик Курултай өз ишин баштады. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан иш-чарага өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегат келген.

Кезектеги Элдик Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери катышып жатат.

Ошондой эле, алыскы аймактардан келген делегаттардын суроо-талабын угуу максатында филармониянын фойесинде атайын аянтча уюштурулган.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жол-транспорт тармагына байланыштуу маселеси менен келген жарандар менен түз жолугуп, суроо-талабын угууда.

Ведомство жетекчиси менен биргеликте делегаттардын кайрылуу, суроолоруна Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери ыкчам жооп берүүдө.

Мындан тышкары, министрликтин өкүлдөрү бардык келип түшкөн кайрылууларды каттап, тиешелүү жооптор берилерин белгилешти.

Азыркы тапта министрликке жол тармагына байланыштуу 200дөн ашуун кайрылуу келип түштү.

Белгилей кетсек, Элдик Курултай эртең дагы уланат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы