Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу
- 54 просм.
Урматтуу мекендештер, кесиптештер!
Сиздерди 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Кыргыз тили – ата-бабалардан калган улуу мурасыбыз болуп саналат. Мындан туура 35 жыл мурун Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген.
Учурдун талабына ылайык тил саясаты ишке ашырылууда. Мекеме-ишканаларда иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлө баштады. Тилибизди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө колдонууну кеңейтүү зарыл. Ар бирибиз мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салымыбызды кошолу.
Сиздерди дагы бир жолу Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, элибизге тынчтык каалайм. Кыргыз тили өркүндөй берсин!
Урматтоо менен, Транспорт жана коммуникациялар министри А. Т. Сыргабаев