mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат

Бүгүн, 18-сентябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлдү. Азыркы тапта каттам үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы