Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты (фоторепортаж)
- 55 просм.
Бүгүн, 14-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.
Министрликтин борбордук аппараты Достук айылынын жол жээгиндеги таштандыларды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, тазалашты.
Жол чарба департаменти, Жол фонду менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлери ишембиликте бөлүнүп берилген аймактарды иретке келтиришти.
Мындан тышкары, ишембиликке министрликтин түзүмдүк бөлүм, мекемелеринин (“Кыргызжолтрансдолбоор” ДИИ, “Кыргызавтобекет” МИ жана «Кыргыз темир жолу» УК) кызматкерлери да активдүү катышты.
Жалпысынан тазалык иш-чарасына Бишкекте 200дөн ашык кызматкер чыкты.
Ишембиликтин максаты таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын жайылтуу жана калктын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, КР Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында тазалык күнү 14-сентябрга белгиленген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы