mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Тургунбаев Алмаз Абдылдаевич

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Тургунбаев Алмаз Абдылдаевич 1971-жылдын 16-апрелинде Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Токтогул шаар тибиндеги айылында туулган.  

1993-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, инженер-куруучу адистигине ээ болгон.

2017-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ишкердик башкаруу багыты боюнча магистратурасын аяктаган.

Ишмердиги:

1995-1996-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

1996-1997-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Бишкек-Ош автожолунун башкы дирекциясынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси;

1997-2001-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Бишкек-Ош автожолунун башкы дирекциясынын жергиликтүү консультанттар тобунун жетекчиси;

2001-2009-жылдары «Кыргыз ТРЕК Интернэшнл» консалтинг компаниясынын директору;

2009-2010-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо жана изилдөө институтунун директору;

2010-2021-жылдары «Кыргыз ТРЕК Интернэшнл» консалтинг компаниясынын директору;

2021-2022-жылдары Архитектура, курулуш жана коммуникация министринин биринчи орун басары;

2024-жылдын 5-сентябрынан тартып Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары кызматын аркалап келет.