Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ачык маалыматтар порталына (https://data.gov.kg/) жайгаштырууга маалыматтар топтомунун тизмегин аныктады
- 36 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2023-жылдын 26-декабрындагы № 378 “Ачык маалыматтар топтомунун тизмегин (реестрин) бекитүү жөнүндө” буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ачык маалыматтар порталына https://data.gov.kg/ жайгаштырууга маалыматтар топтомунун тизмегин аныктады.
Эми Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине байланыштуу төмөнкү маалыматтарды Ачык маалыматтар порталынан алса болот:
— Автомобиль транспорту менен ташылган жуктөрдүн көлөмү (миң тонна);
— Темир жол менен ташылган жүктөрдүн көлөмү (миң тонна);
— Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча каттамдар;
— Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу жөнүндө маалымат (ташылган жүргүнчулөрдүн саны);
— Темир жол менен жүргүнчүлөрдү ташуу жөнүндө маалымат (ташылган жүргүнчулөрдүн саны);
— Уруксат кагаздарын берүү жөнүндө реестр;
— Лицензия алуучулардын реестри;
— Автомобиль жана темир жолдору тууралуу маалымат (негизги параметрлер)