Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Базаралиев Бекназар Токтосунович
- 250 просм.
1981-жылдын 22-мартында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган.
Жогорку билимдүү.
2004-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин политехникалык коледжин аяктап, электр байланышынын техниги адистигине ээ болгон.
2005-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин информатика жана эсептөө техникасы адистиги боюнча аяктаган.
2007-жылы Кыргызстан эл аралык университетин экономика багыты боюнча магистратураны аяктаган.
2019-жылы Академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин курулуш автомобиль жолдор жана аэродромдорду куруу багыты боюнча окуусун аяктаган.
Ишмердиги
2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясында байланыш инженери.
2007-2011-жылдары Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясында спутниктин байланыш кызматынын башчысы.
2011-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясында Тоннель кызматынын башчысы.
2016-2020-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинде ондуруш болумундо жетектөөчү адис, башкы адис жана бөлүм башчы.
2020-2022- жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинде директорунун орун басары.
2022-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондусунун директору.
2023-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинде сатып алуулар бөлүмүнүн башкы адиси.
05.02.2024-жылдан азыркы убакытка чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары