Транспорт департаменти айып бузуулардан 3 айда бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түшүрдү
- 38 просм.
Транспорт министрлигинин Транспорт департаменти тарабынан 2026-жылдын 3 айында транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу 189 396 автоунаа текшерилди.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, транспорттук мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 609 протокол түзүлүп, 3 562 500 сом айып пул салынган.
Анын ичинен, чектелген салмак-габариттик ченемдерди сактабагандыгы үчүн 998 протокол түзүлүп, 17 465 000 сомго айып пул, эл аралык жүк ташуулардын тартибин сактабагандыгы үчүн 143 протокол түзүлүп, 2 860 000 сомго айып пул салынган.
Мындан тышкары, салмак-габариттик өлчөмдөрдү ченөөдөн түшкөн жыйым 2 557 635 сом, бөлүнгүс ири көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташууга атайын уруксат берүүдөн 36 791 392 сом, көп жолу колдонулуучу атайын уруксатты берүүдөн 1 114 281 сом жыйым чогулду.
Жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 69 313 151 сом түшкөн.
Белгилей кетсек, Транспорт департаменти 21 ТКПда салмак-габариттик көзөмөл жүргүзөт.
Мындан сырткары, транспорттук көзөмөл аракеттери мобилдик топ аркылуу да ишке ашырылат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



