mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан 2024-жылы кандай иштер аткарылды?

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан 2024-жылы жүргүнчү жана жүк ташыган 285 779 унаа текшерилген.

Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 647 протокол түзүлгөн.

Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында 24 млн 168 миң 500 сом айып салынган. Ошондой эле, юридикалык жактарга 75 эскертме кат берилген.

Текшерүү иштери транспорттук көзөмөл пункттарында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүп, 14 ирет рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы