mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транскаспий эл аралык транспорт каттамын өнүктүрүү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан Транскаспий эл аралык транспорт каттамын өнүктүрүү боюнча форумга катышууда. 12-14-июнга белгиленген иш-чарага мамлекеттик жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышып жатат.

Форумдун жүрүшүндө негизги альтернативдүү жол катары Азияны Европа менен байланыштырган Транскаспий эл аралык транспорт каттамын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, катышуучулар координациялык платформанын алкагында тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы