mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тоң району: Туура-Суу-Темир-Канат унаа жолун калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу-Темир-Канат тилкесинде жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №33 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, 21-август күнү Тоң районундагы Зындан көлү жарылып, айылды каптоо коркунучу жаралгандыктан Туура-Суу-Темир-Канат жолун жаап, суунун нугун буруу менен алдын алуу иштери көрүлгөн. Ал эми  жеңил унаалар Тогуз-Булак жана Ак-Сай-Көк-Сай альтернативдик жолу менен өтө баштаган.

Учурда жолду калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Кийинки кадамдар кырдаалга жараша жасаларын белгилейбиз.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы