mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тоң району: Жолчулар суунун нугун буруп, алдын алуу иштерин жүргүздү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №33 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери ыкчам чараларды көрүү менен Зындан көлүнүн суусунун нугун буруп, алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-август күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болжол менен саат 14:00 чамасында Зындан көлү жырылып, айылды суу каптоо коркунучу жаралгандыктан 400 киши коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми Туура-Суу-Темир-Канат жолу жабылган.

Учурда тоо боорунан келген суунун азайганы байкалууда. Жеңил унаалар альтернативдик жолду колдонуп Тогуз-Булак жана Ак-Сай-Көк-Сай жолдору аркылуу өтүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы