Торкен-Толук-Сары-Камыш унаа жолунда каттам жанданды
- 250 просм.
Токтогул районуна караштуу Торкен-Толук-Сары-Камыш унаа жолунун 3-16-чакырымдар аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган. Министрликке караштуу #23 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, азыркы тапта бир тараптуу жол ачылды.
Учурда жолдо калган унаалар өткөрүлүп жатат. Тазалоо иштери дагы да уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы