mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Тоннелдеги жумуштар, асфальт чыгарган заводдун иши, кышка даярдык, Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абадга жумушчу сапары менен барды

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев 28-августта Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барды.

Анын алкагында ал Токтогул районундагы асфальт чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Аталган завод саатына 60 тонна, ал эми күнүнө 420 тонна асфальт чыгарат. Сыргабаев эртеңден тарта Үч-Терек-Өзгөрүш жолуна асфальт чыгарып баштоо тапшырмасын берди.

Ошондой эле Сыргабаев Бишкек — Ош жолунун Суусамыр өрөөнүндөгү жол оңдоо иштеринен кабар алды, жеринде шагыл төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

Мындан тышкары, Кочкор-Арал жолуна барган министрдин милдетин аткаруучу №23 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери менен жол белгилерин коюу жана кышка даярдык көрүү маселесин талкуулады.

Сыргабаев Төө-Ашууда жайгашкан Көлбаев атындагы тоннелде жүрүп жаткан жумуштарды текшерди. Бүгүнкү күндө тоннелдин түндүк жана түштүк тарабына 2 коомдук ажаткана курулуп, таза суу киргизүү жумуштары толук кандуу жүрүп жатат. Министрдин милдетин аткаруучу ишти сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы