Токтогул-Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымына асфальт төшөлөт
- 45 просм.
2026-жылдын 25-мартында Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен Токтогул районуна барып, Токтогул – Беш-Таш унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.
Учурда жалпы узундугу 53 чакырымды түзгөн жол тилкесинде жер иштери башталды.
Буга чейин жолдун айрым бөлүктөрүндө гана асфальт болуп, калган тилкелеринде жарандарга жана транспорт каражаттарына бир топ кыйынчылыктар жаралып келген.
Иш сапардын жүрүшүндө жол тармагында иштеген кызматкерлер менен жолугуп, аткарылып жаткан иштерди текшерип, курулуштун сапатын камсыз кылуу жана жумуштарды өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Автожолдор — аймактардын экономикасынын жана эл турмушунун негизги күрөө тамыры болуп саналат.
Токтогул – Беш-Таш жолунун асфальтталышы бир нече айылдардын жашоочуларынын жашоосун жеңилдетпестен, транспорттук байланышты да жакшыртып жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




