Талас облусунда жол салуу иштери уланууда
- 37 просм.
Талас облусунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
№47 Жол тейлөө ишканасы: Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Ключевка-Май-Бакыян унаа жолундагы Р. Жанаев көчөсүнө 3 чакырым асфальт төшөлдү. План боюнча 6 чакырым каралган, 3 чакырым асфальт төшөөгө жол негизи даярдалып бүттү.
№19 Жол тейлөө ишканасы: Талас –Нылда –Покровка автожолунун 7 чакырымын асфальттоо каралган. Аталган жолго 3,2 чакырым асфальт төшөлүп бүттү. Ал эми калган 2 чакырымына асфальт басуу пландалып жатат жана жер негизин даярдоо иштери жүрүүдө.
№6 Жол тейлөө ишканасы: Аманбаев-2ф-Лущихин унаа жолуна 4 чакырым асфальт басууга жол негизи даярдалып жатат. Жакынкы күндөрү асфальт төшөлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы