mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Талас: Көк-Сай-Кайнар унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай-Кайнар унаа жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Быйыл эки айылды байланыштырган жолдун 1,5 чакырымын оңдоо каралган.

Жол жумуштарына “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №6 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, азыркы тапта 900 метрден ашык аралык жасалды.

Жумуштар жыйынтыкталар замат Көк-Сай-Арчагул унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы