mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Таалайбек Бейшебаев “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-майындагы №36-ГП буйругу менен Бейшебаев Таалайбек Ыксанович Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини жалпы жамаатка министрдин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Таалайбек Бейшебаев буга чейин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын директору болуп эмгектенген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы