mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сыргабаев: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү долбоор

Бүгүн, 25-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумда сөз сүйлөп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү долбоор. Ал эми 2024-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде “Бедел” өткөрүү пунктунун ачылышы эки өлкөнү байланыштырган үчүнчү транспорттук коридор”,-деди Сыргабаев.

Министр ошондой эле транспорттун экологиялык түрлөрүн ыңгайлаштыруу жана ишке ашыруу зарылдыгын кошумчалады.

“Бул автомобиль жана темир жол транспортуна да тиешелүү”,-деди ал.

Министр сөзүн жыйынтыктап жатып, Кыргызстан транспорт — логистика тармагында кызматташууну өнүктүрө турганын айтты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы