mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда  талапка жооп бере турган жаңы жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө  

Жол белгилерин жогоруда аталган унаа жолунун 84-105-чакырымдарында  КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын  №19 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары орнотушууда.  Алар өңү өчүп, эскилиги жеткен же жарактан чыккан жол белгилерин буюртма менен алдырып, алмаштырып жатышат. Учурда 40дай белги орнотулуп, жаңыланды.

Министрликтин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган устакана аймактардан келип түшкөн бардык буюртмаларды өз убагында чыгарып берүүдө.