Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө
- 101 просм.
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №36 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.
Учурда 1 чакырым 200 метр аралыкка асфальт төшөлдү. Азыркы тапта жумуштар жолдун 8-чакырымында жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, жол куруу бардык нормаларга жооп берет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы