Суусамыр — Талас — Тараз автожолун IV фазасын реконструкциялоо иштери тынымсыз уланууда
- 14 просм.
«СУУСАМЫР — ТАЛАС — ТАРАЗ АВТОЖОЛУН РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО, ИШТЕРИ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДƟ
Суусамыр — Талас — Тараз автожолун IV фазасын реконструкциялоо иштери тынымсыз уланууда.
Учурдагы жол жээгин тегиздөө, кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо, кɵпүрɵлɵрдү куруу иштери уланууда.
Ошондой эле, жеринде 147ден ашык атайын техника (жумушчу жана техниканын саны күндɵ кɵбɵйүүдɵ) 229 жумушчу иш алып барууда. Долбоордун алкагында, 2 асфальт-бетон завод, 1 бетон завод, 2 таш талкалоочу жабдыктар орнотулуп, ишке киргизилди.
Жалпысынан реконструкция боло турган жолдун (104,6-197,6 км) узундугу — 93 чакырым. Талас шаарынан башталып “Кичи-Капка” кɵзɵмɵл пунктуна чейин барат. Курулуш иштери 2025–2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Долбоордун кепилдик мөөнөтү — 5 жыл.
Долбоордо 6 кɵпүрɵнү реконструкциялоо, 1 жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Жолдун учурдагы III техникалык категориясы II техникалык категорияга чейин көтөрүлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы