mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

“Суусамыр–Талас–Тараз” автожолунун IV фазасынын алкагында “Кыргызжолтрансдолбоор” институтунун потенциалын чыңдоо боюнча жолугушуу өткөрдү

2025-жылдын 11-ноябрында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Ислам өнүктүрүү банкы жана Reliant Design Solutions Sdn Bhd компаниясынын өкүлдөрү “Суусамыр–Талас–Тараз” автожолунун IV фазасынын алкагында “Кыргызжолтрансдолбоор” институтунун потенциалын чыңдоо боюнча жолугушуу өткөрдү.

Компонент ИӨБ тарабынан каржыланып, кадрларды окутууга, программалык камсыздоону жаңылоого жана Кыргызстанда маалыматтык моделдөө технологиясын (ММТ) киргизүүгө багытталган. Консультанттар ММТни жол долбоорлоодо жана көзөмөлдө колдонуу үчүн институттун сунуштарына ылайык адаптациялоону пландаштырууда.

Жолугушууда кызматкерлерди жана  тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатуу, жаңы технологияларды жана эл аралык стандарттарды жол тармагына киргизүү негизги максат катары белгиленди.

Министрликтин маалымат кызматы