mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сузак-Арал-Жийде унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак-Арал-Жийде унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде «Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №22 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Быйыл аталган жолго титулдук тизменин планы боюнча 3, капиталдык салымдар беренесине ылайык 2 чакырымга асфальт төшөө каралган.

Бүгүнкү күндө 3,2 чакырым аралыкка асфальт жаткырылды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы