Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
- 40 просм.
Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, жаралган кырдаалды министр Абсаттар Сыргабаевдин тапшырмасы менен биринчи орун басар Талантбек Солтобаев баштаган тиешелүү жетекчилерден куралган топ көзөмөлдөп жатты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги зарылчылык болбосо жарандардан алыс жолго сапар алуудан карманып турууга чакырат. Ошондой эле, аба ырайын эске алуу менен ашуу аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну суранат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы