mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Рекорддук көрсөткүч: Министрлик тарабынан 1400 километрден ашык жол асфальтталды

2025-жылдын 20-ноябрына карата 1430 км жолго асфальт төшөлдү. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан быйылкы жылга коюлган план ашыгы менен аткарылып, азыркы тапта да аба ырайынын шарттарына жараша жол куруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду, эл аралык коридорлорду оңдоого өзгөчө көңүл бөлүнүп, алардын дээрлик 80% мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.

Алсак, 2021-жылы өлкө аймагында 175, 2022-жылы 488, ал эми 2023-жылы 673 чакырым жолго асфальт төшөлгөн болсо, былтыр бул көрсөткүч 802 километрди түзгөн. Ал эми быйыл Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол салуу жаатында рекорддук көрсөткүчкө жетип, бул сан жыл аягына чейин дагы да жаңыланары күтүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы