Рейддик текшерүү иштери: Бир жумада 1,5 млн сомдон ашык айып пул салынды
- 63 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирет.
9-сентябрда башталган текшерүү иштеринин алгачкы аптасында 14 миң 797 транспорт каражаты (анын ичинен 925и жүргүнчү ташуучу болсо, 13 872 жүк ташыган унаалар) текшерилди. Натыйжада тартип бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 229 протокол түзүлүп, 1 млн 688 миң 500 сом айып пул салынды.
Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын баса белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.
Белгилей кетсек, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы