Профсоюз көчөсүндɵ курулуш иштери активдүү жүрүүдɵ
- 36 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Профсоюз көчөсүнүн Кустанай көчөсүнөн ГАИ постуна чейин айланып өтүүчү жолдун курулуш иштерин улантууда.
Учурда керектүү техникалар тартылып, жер негиздери даярдалууда.
Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 8 чакырым 500 метрди түзөт. Ал II техникалык категориядагы, жөнгө салынган кыймылы бар, шаардык жалпы маанидеги жол катары курулат.
Ошондой эле жол 4 тилкелүү болуп, коопсуздукту камсыз кылуу максатында ортосуна (темир-бетон) бөлүүчү парапет менен бɵлүнүп, жолдун эки тарабына тротуарлар салынып, сырткы жарыктандыруу системасы орнотулат.
Аталган жолдун белгилүү бир чакырымынан жаңы Ош базарына алып баруучу жолдун курулушу да башталганы турат. Учурда жол картасы даярдалып, атайын техникаларды жана курулушка керектүү жабдууларды мобилизациялоо иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы