mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу: Бир тараптуу каттам берилди

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 71 жана 82-чакырымында бир тараптуу каттам берилди. Азыркы тапта “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан тазалоо, кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 71-чакырымында (эки жерде) жана 82-чакырымында каттам үчүн кыйынчылыктар жаралып, жол жабылган.

Ошондой эле, тазалоо иштери аталган жолдун 133-135-чакырымдар аралыгында (3 жерде) жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы