mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош – Папан – Кожо-Келең жолу тазаланып, эки тараптуу каттам берилди

Бүгүн, 18-май күнү түшкү саат 14:00дор чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош – Папан – Кожо-Келең унаа жолунун 31-33-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, каттам убактылуу жабылган.

Жерине #21 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо менен эки тараптуу каттам берилди. Учурда селдин кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы