mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош облусу: Жол иштеринин түрмөгү

№ 5 Жол тейлөө ишканасы:

Өзгөн-Заргер автоунаа жолунда асфальт төшөө жумуштары уланууда. Учурда планда каралган 3 чакырым аралыктын 2,6 чакырымы ондолду.  

Мырзаке-Кара-Шоро жолунда асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп, жер иштери жүрүүдө.

№ 16 Жол тейлөө ишканасы:

Сары-Таш-Кара-Мык жолунун 96+300-чыкырымындагы көпүрөнү сырдоо, жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлдү.

№ 26 Жол тейлөө ишканасы:

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку жолунун 8-45 чакырымдар аралыгындагы жол жээгине ыргытылган таштандылар тазаланды.

№ 37 Жол тейлөө ишканасы:

Ош-Раззаков жолунда (36,400-37,400-чакырымдар аралыгында) жер иштери жүрүүдө.

№ 45 Жол тейлөө ишканасы:

-Мады айылынын Ниязов жана Заиров көчөсүндө бир чакырым асфальт төшөлдү, ошондой эле темир түтүк орнотулду.

Ош-Кара-Суу автоунаа жолунда көпүрөнү оңдоо иштери жүрүп жатат.

№ 956 Жол тейлөө ишканасы:

Куршаб-Жалпак-Таш автоунаа жолунда жер иштери уланууда, алдыда 2 чакырым аралыкка асфальт төшөлөт.

№ 959 Жол тейлөө ишканасы:

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн ички жолдоруна асфальт төшөлдү.

Жалпы  2 чакырым оңдолду.

№ 966 Жол тейлөө ишканасы:

Талдык-Кабылан-Көл автоунаа жолунда жер иштери уланууда.

Жол оңдоо иштери менен катар, аймактарда кышка даярдык жумуштары да жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы