Ош облусу: Абсаттар Сыргабаев жол иштеринин жүрүшүн текшерди
- 72 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна барып, иштин жүрүшүн текшерди.
Учурда жумуштар үч тилкеде кызуу жүрүүдө. Жалпы 138 чакырымды түзгөн бул жолдун быйыл 20 чакырымына асфальт төшөө каралган. Анын жарымы демөөрчү тарабынан жасалса, 10 чакырымы өлкө казынасынын эсебинен оңдолот.
Абсаттар Сыргабаев башкы талап иш ыргагын ыкчамдатуу менен сапатына басым жасоо экенин белгилеп, быйылкы жылы жасала турчу жумуштар жеке көзөмөлүндө турганын билдирди.
Белгилей кетсек, былтыр Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 8 чакырымына асфальт төшөлгөн.
Ошондой эле, Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Өзгөн-Мырзаке жолуна да барды. Быйыл аталган жолдун 12 чакырымына (0-12-чакырымдар аралыгы) асфальт төшөө пландалууда. Тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан аткарылчу жумуштар бүтөр замат, жол оңдоо иштери башталмакчы.
Ош жергесине жасаган иш сапарынын алкагында Абсаттар Сыргабаев Жол тейлөө ишканаларынын абалы менен жеринен таанышып, жергиликтүү жетекчилерге тиешелүү тапшырмаларды берди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы