Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолуна асфальт төшөлүүдө
- 85 просм.
Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолунун 28-29-чакырымдар аралыгына асфальт төшөлүп жатат. Жумуштар №44 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган жолдун 2 чакырымы жасалган. Жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы