Оштогу “Т-образный” жолуна асфальт төшөлүүдө
- 73 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Ош жергесине жасаган жумушчу сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулар “Т-образный” деп тааныган жолдун курулуш иштери менен таанышты.
Бишкек-Ош унаа жолунун 660-чакырымы менен Ош-Кара-Суу автомобиль жолунун 1-чакырымын бириктирген бул жолдо электр мамычаларын жылдыруу, суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери аткарылып, жер иштери жыйынтыкталган. Учурда 1 чакырым 300 метр аралыкка асфальттын астыңкы катмары басылды.
Абсаттар Сыргабаев тиешелүү жетекчилердин маалыматын угуп, жолчулар менен баарлашкан соң быйыл “Т-образный” жолунун планга кирген 4,2 чакырымына асфальт төшөө иштерин жол куруу нормаларын так сактоо бүткөрүүнү тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы