mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Орто-Сай – Флагшток жолу жаңыртылууда

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Орто-Сай – Флагшток унаа жолу мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жаңыланууда.

Учурда “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын № 25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан асфальттын биринчи катмарын (2,6 км аралыкка) төшөө иштери аткарылып жатат. Аны менен катар тротуар салуу жумуштары жүрүүдө. Алдыда асфальттын экинчи катмары басылат.  

Долбоордо жарыктандыруу, отургучтарды жана таштанды челектерин орнотуу, унаа токтотуучу жайлар менен жарандардын токтоп, панорамалык көрүнүштөргө көз чаптыруусуна шарт түзгөн аянтчалар каралган.

Белгилей кетсек, бул жол мурда өтө начар абалда болуп, каттам үчүн кыйла түйшүктүү эле. Каттам жаңыланса Орто-Сай айылынын тургундарына гана эмес, Флагшток багытына эс алууга чоң жеңилдик жаратып, кыймылдын коопсуздугун камсыздайт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы