mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Онлайн камералардын иштеши, жол белгилерин жаңыртуу. Министр Сыргабаев Төө-Ашууга барды

Бүгүн, 28-январда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусуна барып, жолчулардан кабар алды.

Бир күндүк иш сапардын алкагында министр Сыргабаев Кусеин Көлбаев атындагы тоннелге министрликке караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» тарабынан орнотулган жол кыймылын көзөмөлдөгөн камераларды текшерип, кызматкерлердин аткарган иштери менен таанышты.

Ведомство жетекчиси тоннелдин түндүк жана түштүк тарабын жаз мезгилинде иретке келтирүү, автоунаа токтоочу жайларды куруу, жол чиймелерин жана жол белгилерин жаңылоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы