mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Октябрь айынан бери жабык турган Сары-Кыр ашуусу ачылды

Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди. Бүгүнкү күндө да тазалоо иштери №18 жана №31 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүрүп жатат. Азыркы тапта жалпы 33 миң м3 кар көчкү тазаланды.

Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Кыр ашуусу жыл сайын октябрь айынан майга дейре жабык болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы