mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарын-Оруктам унаа жолу жабылды

Нарын районуна караган Нарын-Оруктам унаа жолунун 50-75-чакырымдар аралыгы (Капчыгай участогу) 2025-жылдын 7-ноябрынан 2026-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды.

Мындай чечим Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругунун негизинде аба ырайынын катаал шарттары жана кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жол коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды.

Азыркы тапта министрликке караштуу № 8 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жол каттамы ачылганга чейин коюлучу атайын жол белгилери орнотулууда.

Белгилей кетсек, Нарын-Оруктам жолунун жогоруда аталган тилкеси жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында жыл сайын жазга дейре жабык болот.

Ал эми жарандар убактылуу Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу аркылуу каттай алышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы