Нарын облусу: Жаңы-Талап айылына асфальт төшөлүүдө
- 27 просм.
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө. Быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен айылдын жалпы 3 чакырым жолун оңдоо каралган.
Азыркы тапта иштер ортодон ооп, 1,6 чакырым аралыкка асфальт басылды. Жумуштар аймакты караган №15 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Белгилей кетсек, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы